COVID-19. Эртең Орусия он өлкө менен чек арасын жабат

Орусия жекшембиден, 28-ноябрдан тарта коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу 10 өлкөдөн келген чет элдиктердин кирүүсүнө чектөө киргизет. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Агенттиктин маалыматына караганда, кеп акыркы 10 күн ичинде Түштүк Африка Республикасы, Ботсвана, Лесото, Намибия, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Эсватини, Танзания жана Гонконгдун атайын административдик аймагында жашаган же жүргөн чет элдик жарандар жөнүндө болуп жатат.

Ростуризмге бул мамлекеттерден чет элдик жарандардын кирүүсүн чектөө боюнча кабыл алынган чечим тууралуу туроператорлорго маалымат берүү тапшырылды.

Мындай чечимге 25-ноябрда Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон. Эксперттер жаңы штамм мурункуларга караганда бир топ коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептешет.