COVID-19: Өзбекстанда эмдөөдөн өтүү үчүн электрондук кезекке жазылып башташат

Өзбекстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү үчүн электрондук түдө кезекке жазылса болот. Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталындагы маалымат боюнча, каттоодон өтүү үчүн бул порталга катталган жетиштүү.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, учурда Өзбекстанда 486 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү. Эмдөө иштери 1-апрелде башталган.

Өлкөдө өзбек-кытай «ZF-UZ-VAC2001» дарысы жана европалык «AstraZeneca» дарысы пайдаланылып жатат.