АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясына Лаура Санчес өзүнүн сүйүктүүсү, америкалык миллиардер Жефф Безосту коштоп барды. 55 жаштагы теле алып баруучу адаттагыдай кийими менен өзгөчөлөндү.
Аба ырайынын начарлашынан улам салтанат өткөн Капитолийге ал Alexander McQueen’дин ак костюмун тандап, ошол эле бренддин топ-бюстьесин кийген. Ал эми кечки тамакка кара көйнөк кийип барган.
Социалдык тармактын колдонуучулары Цукербергдин Безостун сүйүктүүсүнө көз кырын салып жаткан видеосун кесип алышып, таратып жатышат.