Дааратканада ич кийимчен селфи кылган стюардесса жумуштан айдалды

«China Southern Airlines» авиакомпаниясында 15 жыл эмгектенген стюардесса учактын дааратканасында селфи кылам дей коюп жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Го аттуу борт коштоочу ич кийимин жарнамалоо максатында сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Бирок 10 мүнөттөн кийин кайра өчүрүп салган. Ага карабай жетекчилик жүрүм-турум эрежелерин бузуп, компаниянын кадырына терс таасирин тийгизди деген чечим менен аны жумуштан кетирди. Стюардесса сотко компаниянын үстүнөн доо арыз менен кайрылган. Ал эми сот компаниянын жумуштан кетирүүсүн мыйзамсыз деп таап, Гого компенсация төлөөгө милдеттендирди.