Дагестандагы аэропортто болгон башаламандык боюнча 200дөн ашык адам кармалды

Махачкала аэропортундагы тополоңдон кийин 201 адам кармалган. Басымдуу бөлүгү административдик укук бузуулар боюнча кармалган. 

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сергей Бачуриндин айтымында, полиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти бузган 201 жаран кармалып, алардын 155ине карата административдик материалдар түзүлдү. Мындан тышкары эреже бузган 204 адамдын унаасы аныкталган.

«Полициянын мыйзамдуу буйругуна баш ийбегендиги үчүн 82 тартип бузуучуга кылмыш иши козголгон; Майда бейбаштык боюнча 107 адам, дагы 17си митингди уюштуруунун жана өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн айыпталган. 70 укук бузуучу административдик камакка алынып, алардын 38и 10 суткага камалган. Ошондой эле Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык 11 кылмышкер кармалганы маалымдалды», — дешти. 

29-октябрда түндө Тель-Авивден (Израиль) учак учуп келер алдында Махачкала аэропортуна жүздөгөн адамдар чогулган. Алар эл аэропорттон чыккан унааларды токтотуп, жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшере башташкан. Андан соң эл аэропорттун имаратына кирип, антисемиттик ураандарды кыйкырып киришкен. Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирген.