Дагестандагы аэропортто болгон башаламандык боюнча Израиль бийлиги үн катты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жана Израилдин тышкы иштер министрлиги биргелешкен билдирүү таратты. Анда Израил Дагестандагы окуяларга көз салып жатканын, укук коргоо органдары еврейлерди коргоону күтөрү айтылат.

«Израиль Орусиянын бийлигинен бардык израилдик жарандардын жана еврейлерди коргоону жана еврейлер менен израилдиктерге каршы багытталган тополоңчуларга каршы чечкиндүү чараларды көрүшүн күтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин Орусиядагы элчиси израилдиктердин жана еврейлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн орус бийлиги менен иштешип жатканы белгиленди.

Кечээ, 29-октябрда түндө Тель-Авивден (Израиль) учак учуп келер алдында Махачкала аэропортуна жүздөгөн адамдар чогулган. Алар эл аэропорттон чыккан унааларды токтотуп, жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшере башташкан. Андан соң эл аэропорттун имаратына кирип, антисемиттик ураандарды кыйкырып киришкен. Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирген.