Дагестандын мурдагы вице-премьеринин уулу студент кызды өлтүргөн деп айыпталып, 13 жылга кесилди

Москванын Измайлов райондук сотунун судьясы Дагестандын мурдагы вице-премьеринин уулу Муртузали Межидовду казакстандык студент Томирис Байсафанын өлүмүнө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

Муртузали Мажидов Москвада соттолуп, Томирис Байсафанын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Кыздын апасы соттун чечими менен макул экенин билдирген.

2018-жылдын 13-апрелинде МГИМО университетинин Эл аралык экономикалык байланыштар факультетинин 4-курсунун артыкчылык дипломунун студенти Томирис Байсафа тыныгуу учурунда университеттин 4-кабатындагы терезеден кулап түшкөн. Кыз көп кан жоготкон. Ошол эле жылдын 3-майында ал Склифосовский атындагы илим-изилдөө институтунда каза болгон.

Күбөлөр кызды дагы бир студент терезеден түртүп жиберди деп айтышкан. Укук коргоо кызматкерлери 2020-жылы адам өлтүрүүгө шектелип, Муртузали Межидовду кармашкан.