Дагы да жугуштуу. Коронавирустун «көрүнбөгөн» жаңы штаммы көптөгөн өлкөлөрдө өтө тездик менен жайылууда

Көптөгөн өлкөлөрдө коронавирустун «көрүнбөгөн» жаңы штаммы өтө тездик менен жайылууда. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалымдашты.

Улуу Британиядагы соңку отчет көрсөткөндөй, «стелс-Омикрон» деп аталган жаңы штамм «омикронго» караганда апта ичинде ооруну жуктургандардын санынын көбөйүшүн тездеткен. «Стелс-Омикрон» деген аталыш аны бир катар ПЦР-тесттер аныктай албай тургандыгынан жана «Дельтадан» айырмалай албай жаткандыгынан улам коюлган. Медиктер жаңы штаммдын өтө жугуштуулугун, керек болсо, оорукчан адам менен бир бөлмөдө отуруп жуктуруп алуу мүмкүн экендигин айтышат.