Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Оздемир ыйлап кайрылуу жасады. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Түркияда дагы деле куткарыла элек адамдар бар. «Баарындан жардам сурайм, четте турбагыла. Жардам берүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, жардам бериңиз», — деди ал.