Дарыгерлер коңгуроо кагууда: Орусияда балдар коронавирусунун толкуну күтүлүп жатат

Орусияда балдар арасында коронавирустун оор агымынын учурлары көбөйүүдө, эгерде бул тенденция улана берсе, анда балдар коронавирусунун жаңы толкуну пайда болушу мүмкүн. Оорулардын көбөйүшүн Челябинсктеги №1 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын пульмонологу, башкы дарыгеринин орун басары Татьяна Алиева болжолдоду. Бул тууралуу 74.ru жазып чыкты. 

«Эгер коронавирус балдарга жайылып кетсе, балдар да катуу ооруй баштаса жана тенденция байкалса, анда биз жаңы толкунга туш болушубуз мүмкүн», — деди Алиева. Ошол эле учурда ал мындай болбошу мүмкүн экенин, анткени чоңдордун жамааттык иммунитети коронавирустун жайылышын алдын ала турганын баса белгиледи.

«Өткөн жылы балдар негизинен коронавирустун алып жүрүүчүлөрү болгон, эми алар ковид пневмониясы менен ооруп, өпкөнүн олуттуу жабыркашы менен кызыл зонага түшө башташты. Өзгөчө ден соолугу начар, толук болгон жана диабет менен жабыркаган балдар катуу ооруп жатышат», — деди ал.