Дельфинди жиликтеп, шишкебек жасаган түгөйлөр кармалышты

Анапада жашы 60тан ашып калган түгөйлөр көл жээгинде дельфиндерди жиликтеп шишкебек жасап жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үй-жайы жок түгөйлөр жээкке чыгарып салган дельфинди таап, жиликтеп шишкебек жасашкан. Ал учурда көлдүн жээги эс алуучуларга толуп, окуяга күбө болгондор полиция кызматкерлерин чакырышкан. Дельфинден «деликатес» жегиси келгендерди укук коргооо кызматкерлери кармап кетишти. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.