«Денесин бөлүктөргө бөлүп, баштыкка салып, дааратканага таштаган». Тажикстанда 8 жаштагы кызды өлтүрүүгө кошунасы шектелүүдө

6-июлда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 4-июлда Рудаки районундагы Навабад айылындагы үйүнүн жанынан дайынсыз жоголгон 8 жаштагы Руфейда Иноятованын өлүмүнө шектүү адам аныкталып, кармалды.

Бул расмий түрдө жарыяланган жок, бирок өлтүрүлгөн кыздын таежеси Саида Иноятова Фейсбуктагы билдирүүсүндө кылмышка шектелип, алардын кошунасы Рахматулло деген адамдын кармалганын жазып чыкты. Ал өзүнүн постунда Рахматулло аттуу шектүү адам 4-июлда кызды батирине алдап алып кирип, ал жерде зордук-зомбулук көрсөтүп, денени бөлүктөргө бөлүп, баштыктарга салып, дааратканага ыргытканын жазган. Саида Иноятова шектүүнүн апасы ага ушул коркунучтуу кылмыштын изин жашырууга жардам бергенин, ал батирдеги жана кире бериштеги бардык кандын издерин жууп, андан кийин кыздын туугандарын жана бийлик өкүлдөрүн жайбаракат чакырып, аларга кыз алардын батиринде болгон эместигин далилдеген. Ошол эле учурда, кыздын денесинин айрым бөлүктөрү батирде болгон дейт. 

Буга чейин социалдык тармактарда 8 жаштагы кыздын дайысыз болуп жатканы маалымдалып, ыктыярчылар аны жапырт издөөгө киришишкен эле.