Диана Гурцкаянын жолдошу Петр Кучеренко каза болду

20-майда орус ырчысы Диана Гурцкаянын күйөөсү, чиновник Петр Кучеренко каза болду. Ал Кубадан иш сапардан кайтып келе жатканда өзүн жаман сезе баштаган. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Петр Кучеренко учакта өзүн жаман сезген. Жергиликтүү дарыгерлер 47 жаштагы жүргүнчүнү сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүшкөн, бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес.

«20-майда Орусиянын мамлекеттик катчысы, илим жана жогорку билим министринин орун басары Петр Александрович Кучеренко каза болду. Петр Александровичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп билдирди бүгүн министрлик.

Эске салсак, 2005-жылы Диана Гурцкая Петр Кучеренкого турмушка чыккан.