Диана Гурцкаянын уулу атасы каза болгондон кийин пост жазды

20-майда орус ырчысы Диана Гурцкаянын күйөөсү, чиновник Петр Кучеренко каза болгон. Ал Кубадан иш сапардан кайтып келе жатканда өзүн жаман сезе баштаган.

Кучеренконун уулу Константин атасы каза болгон күндүн эртеси үн катып, пост жазды. «Мен сиздер менен жаман кабарды бөлүшкүм келди. 20-майда атам каза болду. Ал өтө жаш болчу. Менин башка айта турчу эч нерсем жок. Колдоп жазып жатканыңарга рахмат! Мунун баары мен үчүн абдан маанилүү. Баарыңарды жакшы көрөм. Жакындарыңызды баалап, аларды жакшы көрөрүңөрдү азыр айткыла. Алар менен өткөргөн ар бир көз ирмемди баалай билгиле. Жашоо катаал нерсе. Эмне болорун эч ким билбейт»,- деп жазды ал. 

Эске салсак, Диана Гурцкая 2005-жылы Петр Кучеренкого турмушка чыккан. Алардын Константин аттуу уулу бар.