«Дикий Арман» атыккан казак кримтөбөлү камакта калтырылды

«Дикий Арман» каймана аты менен белгилүү Арман Жумагелдиевди камакта кармоо мөөнөтү 7-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz Алматы шаардык сотунун расмий өкүлүнө шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечим 29-декабрда чыккан.

«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл коңшу Казакстандагы январь айында орун алган митингдердин жүрүшүндө кармалган.