«Дикий Арман» түрмөдө күрөө тамырын кесүүгө аракет кылды. Кызматтык текшерүү дайындалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Казакстан ИИМинин Кылмыш-Жаза аткаруу комитети жаралар анчалык маанилүү эмес экенин, жардам көрсөтүлгөнүн айтышкан. Аталган комитет «Арман Жумагелдиевдин абалы канааттандырарлык, аны менен психологдор иштеп жатат» деп ырастады.
Жумагелдиев 2022-жылдын 7-январында массалык тополоңдон кийин кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, январь окуяларында анын тобунун мүчөлөрү 24 адамды уурдап, кармап кетишкен, алардын бири каза болгон. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен курал-жарак уурдагандыгы боюнча да айып тагылган.
Бул иш боюнча негизги сот жараяны 2023-жылдын октябрь айында башталган. Аталган ишке тиешеси бар делген 43 адам соттолуп жатат. Аларга 2022-жылдын январь айында бийликти же кызматтык ыйгарым укуктарды бузуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү, жетектөө жана ага катышуу, талап-тоноо, мыйзамсыз камоо, уюштуруу жана тополоңго катышуу боюнча айып тагылган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, улуттук коопсуздук комитетинин бешинчи департаментинин мурдагы жетекчиси, полковник Руслан Искаков январдагы окуяларда «Дикий Армандын» координатору болгон. Катышуучулардын арасында экс-депутат Кайрат Кудайберген да бар.