Димаш Кудайберген кытайлыктардын оозун ачырганы эсиңиздеби? Ырчы 7 жылдан кийин Гонконгдо концерт берди (видео)

Димаш Кудайберген Кытайдын «I am a Singer» шоу берүүсүндө чоң ийгиликке жетишкенден туура 7 жылдан кийин Гонконгдо жеке концертин берди. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Dimashnews билдиргендей, Гонконгдогу көргөзмө борборуна Кытайдан, Европанын, Американын, Азиянын жана Африканын ар кайсы шаарларынан анын күйөрмандары чогулушкан. 

Кызыл түстөгү костюм менен чыккан Димаш Кудайберген концертти «Golden» ыры менен ачты. Ачылыштан кийин дароо эле Кытайдагы жер титирөөдө каза болгондорду бир мүнөт эскерүү менен баштады. Ал концертте бир нече жаңы чыгармаларды аткарып, ошондой эле домбра чертип, көпчүлүктү суктандырган.