Дисней Blue Sky студиясын жапты. Белгилүү тыйын чычкан акыры жаңгагын жеди (видео)

The Walt Disney Company медиа конгломераты «Муз доору» жана «Рио» франшизаларын чыгарган Blue Sky Studios мультфильм студиясын акыры жапты. Бул тууралуу «Screen Rant» билдирди.

Коштошуу үчүн студия «Муз доорундагы» Скрат жаңгагына жетип, аны жеген видеону жарыялады. Тыйын чычкан ага 20 жылдан бери жетпей келет. Тактап айтканда, ал 2002-жылы мультфильмдин биринчи бөлүгү чыккандан бери жаңгактын артынан жүргөнү маалым. 

Финалдык видео тартыш үчүн чакан команда чогулган. Акыркы кадр — коштошуу.

Blue Sky Studios 1987-жылы негизделген жана анын алгачкы 10 жыл ичинде жарнамалык роликтер жана телеберүүлөр үчүн визуалдык эффекттер менен алектенген. 1998-жылы студия кыска метраждуу «Банни» тасмасын чыгарып, ал үчүн «Оскар» сыйлыгын алып, кино тартууга өткөн. Ал эми студиянын жабылары 2021-жылдын февраль айында маалым болгон.