АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Түндүк Америкадагы эң бийик чоку Денали тоосунун атын Уильям Маккинли деп өзгөртөрүн айтты.
6100 метр бийиктиктеги Денали тоосунун аталышы көп жылдар бою тынымсыз талаш-тартыш жаратып келген. Бул аймактагы жергиликтүүлөр миңдеген жылдар бою тоону Денали (бийик) деп аташкан. 1896-жылы ошол кездеги республикачыл партиясынан президенттикке талапкери Уильям Маккинлинин ысымы ыйгарылган. Бирок 2015-жылы демократ президент Барак Обама Алясканын жергиликтүү тургундарынын өтүнүчүнө жооп кылып тоонун атын кайра Денали деп өзгөрткөн.
Өз кезегинде Трамп Аризонадагы тарапташтарына: «Алар Маккинлинин атын тоодон түшүрүштү. Ал улуу президент болгон», — деди.
Республикачылардын лидери өзүнүн башкаруусунда тоонун атын кайрадан Маккинли тоосуна өзгөртөрүн айтып, «менин оюмча, ал буга татыктуу» деп кошумчалады.
Аляска республикачыл сенатору Лиза Мурковски болсо Трамптын атын өзгөртүү сунушуна жооп кайтарды. «Түндүк Америкадагы эң бийик тоо үчүн бир гана ат туура келет: Денали, башкача айтканда, бийик», — деп жазган Мурковски социалдык медиадагы постунда.
АКШнын 25-президенти Маккинли 1901-жылы өлтүрүлгөн.