Дональд Трампка сот өкүмү 10-январда, инаугурациядан 10 күн мурун чыгарылат. Анда порно жылдыз Сторми Дэниэлстин «ооз басты» үчүн 130 миң доллар төлөп бергени боюнча отчеттук бурмалоосу боюнча иштин өкүмү чыгат.
Нью-Йорк штатынын соту Хуан Мерчандын өкүмү айып пул сыяктуу жеңил жаза болоору белгилүү болуп калгандай. Сот Трампты 34 эпизод боюнча күнөөлүү деп тапты. Өкүмдү жарыялоо шайлоого талапкерликтен улам кийинкиге калтырылып келген эле. Ал эми шайлоодогу жеңиштен кийин Трамптын адвокаттары президенттин кол тийбестигинен улам ишти токтотууну талап кылышкан.
Трампка каршы эки федералдык иш ал шайлангандан кийин токтотулган. Анткени Юстиция министрлиги президентти жоопко тартууну конституцияга каршы келет деп эсептейт.
Сторми Дэниелс 2006-жылы Трамп менен жыныстык катышта болгонун ырастап, Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн ага бул тууралуу ооз ачпашы үчүн 130 миң доллар төлөп бергенин билдирген. Трамп өзү Дэниелс менен катышы болгонун моюндабайт. Бул Трампка каршы сот өкүмүнө жеткен жалгыз кылмыш иши.