Донбасстагы абал. Путин атайын аскердик операция жүргүзүүнү жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин орус элине атайын кайрылуусунда Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү боюнча чечим кабыл алганын жарыялады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

«Жагдайлар бизден чечкиндүү жана токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылат. Донбасс элдик республикалары Орусияга жардам сурап кайрылышкан. Ушуга байланыштуу БУУнун уставынын 51-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Федерация Кеңешинин санкциясы менен жана Федералдык Жыйын ратификациялаган Донецк элдик республикасы жана Луганск элдик республикасы менен достук жана өз ара жардамдашуу келишимдерин аткаруу үчүн чечим кабыл алдым. Атайын аскердик операция өткөргүлө», — деди ал. 

Мамлекет башчысы Орусиянын пландарында Украинаны оккупациялоо жок экенин, бирок Москва аны демилитаризациялоого аракет кылаарын билдирди.