Донецк менен Луганскта эвакуация башталды. Орусияга 10 миңден ашуун адам кетти

Кечээ, 18-февралда өзүн «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасы» деп жарыялаган аймактардын башчылары согуш чыгып кетүү коркунучунан улам жергиликтүү тургундарды эвакуциялоо тууралуу жарыялашкан. Бүгүн, 19-февралда Орусиянын Ростов облусуна аталган аймактардан 10 миңден ашуун барганы маалым болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

«Донецк Элдик Республикасынын» бийлиги Орусияга 700 миңдей кишини жөнөтөрүн билдирген. Орусиянын президенти Владимир Путин «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасынан» келип жаткан ар бир кишиге 10 миң рублдан берүүнү тапшырды. Буга бюджеттен 5 миллиард рубль бөлүндү жана төлөмдү тапшыруу 20-февралда башталат.