Донецктин борборуна снаряд атылып, 5 адам набыт болду (видео)

Украина Донецктин борборунда жайгашкан «Донбасс Палас» мейманканасы, драмалык театр жана башка имараттарга снаряд атып, 5 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, драмалык театрда милициянын полковниги Ольга Качуранын коштошуу зыйнаты болмок. Ал имаратка кеминде эки снаряд түшкөнү айтылат.

Жардыруудан 5 жашоочу набыт болуп, 6 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында 1 аял кичинекей баласы менен болгон.