Балдардын арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатит катталууда. Мындай маалыматты коронавируска каршы күрөшкөн республикалык штабдан Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына таянып таратышты.
Кооптуу курч гепатит тууралуу эмнелер белгилүү?
▫️ 12 өлкөдө 169 бала ооруну жуктурганы катталды (Анын көбү Улуу Британияда аныкталган);
▫️ 1 адам өлүмү учуру;
▫️ ооруга чалдыккандардын жаш курагы 1 айлыктан 16 жашка чейин;
▫️ бейтаптардын болжол менен 10 пайызынын боорун алмаштыруу талап кылынган;
▫️ A, B, C, E жана D тибиндеги гепатиттердин вирустары бул учурлардын биринде дагы аныкталган эмес;
▫️ 74 учурда аденовирус табылган, 18 адамда молекулярдык тестирлөөдө F (41-тип) тобундагы аденовирус аныкталган;
▫️ тест тапшыргандардын арасынан 20 учурда SARS-CoV-2 аныкталган;
▫️ 19 адамда SARS-CoV-2 жана аденовирустун коинфекциясы аныкталган.
ДССУ кандай алдын алуу чараларын сунуштайт?
— Колду бат-баттан жууп туруу, респиратордук гигиенаны сактоо, бет кап тагынуу.
Ооруну жуктуруунун алгачкы учурлары апрелдин башында катталган. 5-апрелге карата ДССУда борбордук Шотландияда он жаштан кенже курактагы балдар арасында аныкталган учурлар тууралуу маалымат болгон. 8-апрелде алардын саны бүткүл Улуу Британия боюнча 74кө жеткен.