ДССУ: Балдардын арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатит катталууда

Балдардын арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатит катталууда. Мындай маалыматты коронавируска каршы күрөшкөн республикалык штабдан Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына таянып таратышты.

Кооптуу курч гепатит тууралуу эмнелер белгилүү?

12 өлкөдө 169 бала ооруну жуктурганы катталды (Анын көбү Улуу Британияда аныкталган);
1 адам өлүмү учуру;
ооруга чалдыккандардын жаш курагы 1 айлыктан 16 жашка чейин;
бейтаптардын болжол менен 10 пайызынын боорун алмаштыруу талап кылынган;
A, B, C, E жана D тибиндеги гепатиттердин вирустары бул учурлардын биринде дагы аныкталган эмес;
74 учурда аденовирус табылган, 18 адамда молекулярдык тестирлөөдө F (41-тип) тобундагы аденовирус аныкталган;
тест тапшыргандардын арасынан 20 учурда SARS-CoV-2 аныкталган;
19 адамда SARS-CoV-2 жана аденовирустун коинфекциясы аныкталган.

ДССУ кандай алдын алуу чараларын сунуштайт?

— Колду бат-баттан жууп туруу, респиратордук гигиенаны сактоо, бет кап тагынуу.

Ооруну жуктуруунун алгачкы учурлары апрелдин башында катталган. 5-апрелге карата ДССУда борбордук Шотландияда он жаштан кенже курактагы балдар арасында аныкталган учурлар тууралуу маалымат болгон. 8-апрелде алардын саны бүткүл Улуу Британия боюнча 74кө жеткен.