ДССУ башчысы коркунучтуу жаңы вирустун пайда болорун эскертти

«ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус дүйнө коомчулугун келечекте жаңы вирустун пайда болушу тууралуу эскертип, коронавирустук пандемиядан сабак алууга чакырды. Бул тууралуу ал кечээ Римде өткөн Чоң жыйырмалыктын саламаттыкты сактоо жана каржы министрлеринин жыйынында билдирди»,— деп жазат «Известия».

«Бул пандемияны токтотсок дагы, анын бизге берген сабактарын алып, кийинкисине даярданышыбыз керек. Биологиялык жактан, кайсы бир убакта биз ээ боло албаган дагы бир вирустун пайда болоруна эч кандай шек жок”, — деди ал. Анын айтымында, азыр эл аралык коомчулук бул вируска даярдануу, аны аныктап, пайда болгондо ыкчам жооп кайтаруу боюнча чараларды көрө алат.