ДССУ: «Дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун жаштар кулакчындын айынан укпай калышы мүмкүн»

Дүйнөдө 1,1 миллиарддан ашуун жаштар кулакчындагы катуу музыка угуунун айынан укпай калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча уюмдан билдиришти.

Окумуштуулардын айтымында, 2050-жылга карата планетада дээрлик 2,5 миллиард адам тигил же бул даражада угуу көйгөйлөрүнөн жабыркайт. Кеминде 700 миллион адам угуунун начарлашынан улам реабилитацияга муктаж болот.

«Биздин замандаштар шаарлардагы ызы-чуунун деңгээли уруксат берилген чектен ашкандыктан гана эмес, ошондой эле музыканы жана подкасттарды наушник менен үзгүлтүксүз угуудан улам укпай калышууда», — деп билдиришти уюмдан.