Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны соңку 5 жумадан бери өсүүдө жана вирустан каза болгондордун көбөйүшү дагы кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу ДССУнун шашылыш оорулар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керкхове маалымат жыйында билдирди.
“Акыркы аптада дүйнөдө илдет менен жаңы ооругандардын саны мурункуга салыштырмалуу 8 пайызга көбөйдү. Азыр биз төрт региондо оорунун жайылышынын өсүшүн көрүп жатабыз. Дүйнөдө бешинчи жума катары менен оорунун өсүшү жүрүп жатат”, — деди ал.
Мария Ван Керкхове кошумчалагандай, акыркы жумаларда дүйнө жүзү боюнча өлүмдөр кайрадан көбөйө баштады. Бул өтө тынчсызданууну жаратууда.
19-мартта Европа Комиссиясы коронавирустун үчүнчү толкуну башталгандыгын расмий жарыялаган. Европада барган сайын көп өлкөлөр карантин жарыялап, оорунун рекорддук көрсөткүчтөрүн көрсөтүп жатат.