ДССУ: «Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 11 пайызга өстү»

Акыркы бир жумада дүйнөдө 4 миллион адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Бул өткөн аптага салыштырмалуу 5 пайызга көп. Ал эми илдеттен каза болгондордун саны акыркы 7 күндө 11 пайызга көбөйгөн. Тактап айтканда илдеттен бир жумада 71 миң адам көз жумган. Бул жогорку көрсөткүч акыркы 6 жумада кескин өстү.

ДССУнун берген маалыматы боюнча, оорунун ири өсүшү Түштүк-Чыгыш Азияда (айрыкча Индияда) жана Тынч океандын батыш аймактарында байкалган. Африка континентинен башка бардык региондор каза болгондордун саны көбөйгөндүгүн билдиришкен.

Ошондой эле, ДССУ Орусияны бир жумада эң көп өлүм катталган Европа өлкөлөрүнүн бири деп көрсөткөн. Уюмдун эсептөөлөрү боюнча, Орусия Федерациясында жети күндө 2,6 миңден ашуун өлүм катталды, башкача айтканда 100 миң калкка 1,8 өлүм туура келген.

Ал эми Кыргызстанда акыркы 7 күндө (31-марттан 6-апрелге чейин) коронавирус 1001 адамдан аныкталса, 11 бейтап көз жумган.