ДССУ коңгуроо кагат: Вирустун кийинки жаңы түрү азыркы илдетке караганда коркунучтуу болот

Вирустун кийинки жаңы түрү азыркы илдетке караганда коркунучтуу болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебресиесус билдиргенин дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

«Эртелиби же кечпи адамзат жаңы пандемияга тушугат жана ал азыркыга караганда бир топ кооптуу болот. Дагы башка вирус пайда болот жана ал буга салыштырмалуу бат жугат жана көп өлүм алып келет», — деди Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы директору. Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү мамлекеттер ортосунда атаандашуу эмес, кызматташуу зарылдыгын көрсөтүүдө.