ДССУ коронавируска каршы үчүнчү вакцинаны жактырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Johnson & Johnson компаниясынын COVID-19 вакцинасын өзгөчө кырдаалдарда колдонууга ылайыктуу дарылардын реестрине кошту. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Адан Гебрейесус билдирди.

«COVAX механизминин алкагында Johnson & Johnson вакцинасынын 500 миллион дозасына тапшырык бердик жана жакын арада алабыз деп үмүттөнүп жатабыз»,- деди ал.

ДССУ Johnson&Johnson вакцинасы дүйнө калкынын эмдөөсүн бир кыйла тездетет деп үмүттөнөт. Бул дары, мисалы, “Pfizer” же “Moderna” сыяктуу эффективдүү эмес, бирок анын бир катар артыкчылыктары бар.

Бул вакцинаны кадимки муздаткычта сактаса болот. Бул жер-жерлерге алып барууга оңой. Ошондой эле вакцина менен адамдарды бир гана жолу эмдөөдөн өткөрүү жетиштүү.

Вакцина ДССУ тарабынан жактырылган 3-вакцина. Буга чейин 31-декабрда уюм Pfizer/BioNTech ишканасынын вакцинасын жактырса, 15-февралда AstraZeneca ишканасынын вакцинасын жактырган эле.