ДССУ: «Коронавирустан каза болгондордун саны расмий статистикага караганда эки-үч эсе көп»

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дан расмий статистикада көрсөтүлгөндөй дүйнөдө 3,4 миллион адам эмес, 6-8 миллион адам каза болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

ДССУнун отчетунда 2020-жылы COVID-19дон кеминде 3 миллион адам каза болгондугу, башкача айтканда, өлкөнүн расмий отчетторунда көрсөтүлгөндөн 1,2 миллион адам көп экени белгиленген. ДССУнун маалымат жана статистика бөлүмүнүн башчысы Самира Асманын айтымында, коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жаткан шартта Латын Америкасында жана Азияда өлүмдүн көбөйгөндүгүн эске алганда, курмандыктардын саны чындыгында эки-үч эсе көп.

«6-8 миллион адамдын өлүмү жөнүндө сөз болуп жатат»,- деди ал.

ДССУнун талдоочуларынын айтымында, маалыматтардын дал келбешине бир нече себептер болушу мүмкүн. Мисалы, көптөгөн учурларда адамдар коронавируска текшерүүдөн өтпөй каза болушкан. Мындан тышкары, көптөгөн өлкөлөрдө өлүмдү каттоочу ишенимдүү тутумдар жок.