ДССУ: «Коронавирустун «дельта» штаммы кадимки коронавируска караганда эки эсе жугуштуу»

Коронавирустун «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 коронавирусуна салыштырмалуу эки эсе жугуштуу. Бул тууралуу ДССУнун өкүлү Сумия Сваминатан жыйында билдирди. Анын айтымында, «дельта» эң биринчи Индияда аныкталган. Азыр ал дүйнөнүн 85 өлкөсүнө тараган. «Бул штаммдын негизги артыкчылыгы, ал баштапкы вируска караганда кеминде эки эсе көп жугуштуу», — деди ал.

Талдоочунун айтымында, бул оорунун вирусун алып жүргөн адам бир учурда эки, төрт, алты, керек болсо, 8 адамга жуктурушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, ал пандемиянын башталышына караганда, учурда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү ооруп калган учурлар кыйла көп болуп жаткандыгына көңүл бурду.

«Учурда дүйнө жүзү боюнча колдонулуп жаткан вакциналардын көпчүлүгү, жок дегенде, катуу оорунун алдын алууда эффективдүү», — деди Сваминатан. Адис вакцинациянын маанилүүлүгүнө карабастан, адамдар коргонуу каражаттарын (маска жана кол кап) кийип, коронавирус штаммына каршы туруу үчүн социалдык аралыкты сакташы керектигин кошумчалады.