ДССУ: Коронавирустун Индиядан чыккан түрү эң көп өлүм алып келет

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун эң коркунучтуу жана өтө жугуштуу түрү бул индиялык штамм деп атады. Бул «дельта» деп аталган варианты коронавируска каршы вакцинанын деңгээли төмөн жерлерде кооптуу экенин уюмдан билдиришти.

ДССУнун өкүлү Майк Райандын айтымында, «дельта» адамдан адамга тез өтүп, өлүмгө бат алып келиши мүмкүн болгон коркунучтуу вирус. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, «дельта» варианты «альфа» вариантына караганда болжол менен 60 пайызга көбүрөөк таралган, бул 2019-жылдын аягында Ухань шаарында пайда болгон баштапкы штаммга караганда жугуштуу. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID боюнча техникалык жетекчиси Мария Ван Керкховенин айтымында, учурда «дельта» 92 өлкөгө жайылды.