Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түштүк Африкада катталган коронавирустун штаммына байланыштуу чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу Financial Times жана CNBC маалымдайт.
Жолугушуу бүгүн, 26-ноябрда В.1.1.529 вариантын талкуулоо үчүн өтөт. ДССУнун эксперттери бул вариантты «кооптуу» деп эсептеш керекпи же жокпу талкуулашат. Түштүк Африкадагы Инновациялар жана эпидемияга жооп берүү борборунун директору Тулио де Оливейра бул аптада ДССУнун кызматкерлери менен жаңы штаммды талкуулаганын, алар шашылыш жыйынга чакырууну чечкенин айтты. Ал Йоханнесбургду камтыган Түштүк Африканын Гаутенг провинциясындагы жаңы учурлардын 90 пайызга жакыны жаңы варианттан келип чыккан деп эсептейт. ДССУнун башкы окумуштуусу Сумья Сваминатан штаммдын бул вариантында башка варианттарга караганда «тынчсыздандырган» мутациялар бар экенин айтты.
Буга чейин Daily Mail вакциналарга туруштук бере турган коронавирустун жаңы түрү аныкталганын, ал маалымат базаларына биринчи жолу 11-ноябрда киргизилгенин, Ботсванада үч учур, Түштүк Африкада алты жана Гонконгдо бир учур катталганын жазып чыккан эле.