ДССУ рак менен күрөшүү үчүн спирт ичимдиктерине болгон салыкты жогорулатууну сунуштоодо

Алкоголду орточо өлчөмдө ичүү аялдардын рак оорусуна, айрыкча ооз, кекиртек, кызыл өңгөч, жоон ичеги жана көтөн чучук, боор, кекиртек жана эмчек рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатат. ДССУнун Европа бюросу алкоголдук ичимдиктерге акциздик төлөмдөрдүн жогорулашы региондо жылына 5 миңге жакын рактан жана 10 миң 700 жаңы оорулардын алдын алууга жардам берерин эсептеп чыккан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

«Лансет» журналы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун «Европанын аймагында алкоголдук ичимдикке байланышкан болгон салыктын көбөйүшүнүн ооруларга таасирин моделдөө» аттуу жаңы изилдөөсүн жарыялаган. Изилдөөнүн авторлорунун бири Карина Феррейра-Борхес: «2020-жылы ДССУнун Европа чөлкөмүндө 4,8 миллион адам рак илдетине чалдыккан», — дейт. Анын айтымында, Европа аймагы дүйнөдө рак оорусуна чалдыгуу боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Уюмдун маалыматында адамдардын алкоголдук ичимдиктерге көз карандылыгын басаңдатуу үчүн салыкты көбөйтүү мүмкүндүгү жазылат.  Изилдөөнүн авторлору спирт ичимдиктерине болгон акциздер 20, 50 жана 100 пайызга жогорулатылган үч сценарийдин моделдерин сунушташкан.

Алар учурдагы акциздердин баасын эки эсе көбөйтүү Улуу Британияда 1800дөн ашык оорунун жана 680 өлүмдүн алдын алууга мүмкүндүк берет деген жыйынтыкка келишкен. Ошол эле стратегия менен Орусияда 1400 оорунун жана 725 өлүмдүн, Германияда 250 учурдун жана 525 өлүмдүн алдын ала алат.