Тажикстанда полиомиелит илдети козголуп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда полиомиелит илдети козголгонун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

18-мартка карата Тажикстанда полиомелит жуктурган 4 баладан шал оорусу катталган. Ошондой эле алардын жакындарынан да полиомелит тастыкталган. Тажикстанда шал оорусуна алып келген алгачкы бейтап 2020-жылы 22-ноябрда Хатлон облусунда катталган. Экинчи оорулуу дагы Хатлон облусунда ушул жылы февраль айында аныкталган. Ал эми 8-мартта Гиссар шаарында илдетке чалдыккан дагы эки адам катталды. Учурда полиомелиттин козголушун тыкыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Адистер ооруканаларды кыдырып, илдет жуктурган балдар менен байланышта болгон жарандар көзөмөлгө алынды.

18-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда чыккан полиомелит илдети тууралуу маалыматты карап чыгып, аны 2-даражадагы оордуктагы өзгөчө кырдаал катары жарыялады. Бул даражадагы өзгөчө кырдаал коңшу өлкөлөргө дагы тиешелүү, себеби ал өлкөлөр даярдык көрүп, ооруну алдын алуу, аныктоо жана полиомелит жуктурган балдарды дарылоого даяр турушу керек.

2019-жылы дүйнөдө полиомелит илдетин жуктурган адамдардын саны өсө баштаган. 2020-жылы бул илдет Афганистандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга жакын аймактарында аныкталган.

Полиомелит — инфекциялык оору, вирустар аркылуу жугат. Балдардын нерв системасын жабыркатып, шал оорусуна алып келет.