ДССУ вакциналарды аралаштырбоону сунуштады

ДССУ дарыгерлерге инфекцияга каршы иммундук жоопту күчөтүү үчүн коронавирустук вакциналардын аралаштырбоону сунуштады. Бул тууралуу ДССУнун өкүлү Йоахим Хормбах брифингде билдиргенин Лента.ру жазды.Анын айтымында, эксперттер дагы деле болсо бул маселе боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат жана азырынча жалпы сунуштарды берүүгө даяр эмес. «Бардык вакциналарды катары менен бириктирүүгө болот деп азырынча айта албайбыз», — деди Хормбах.

Ал белгилегендей, «AstraZeneca» менен «Pfizer» вакциналарын айкалыштырган сыноолор жакшы натыйжаларды берген. Бирок жалпы колдонуу принциби али аныктала элек.

Буга чейин германиялык адистер масштабдуу изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө эмдөө учурунда коронавируска каршы дары-дармектерди колдонуу өзгөчөлүктөрүн изилдеп чыгышканы маалымдалган. BioNTech / Pfizer вакцинасынан эки доза алган адамдардын антителолорду AstraZeneca дарысы менен эмделгендерге караганда он эсе көп өлчөмдө болгон. Эң жакшы жыйынтык эки вакцинаны алгандарда байкалган.