ДССУнун башчысы чапан кийип, кудасын казак тилинде куттуктады (видео)

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Фейсбуктагы баракчасына акын, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Жүрсин Ерманга арналган казак тилинде видео кайрылуусун жарыялады.

«Урматтуу Жүрсүн куда! Сизди юбилейиңиз менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, узун өмүр каалайм”, — деп ДССУнун башчысы казак акынын куттуктады.

Маалыматтарга караганда, Тедрос Гебрейесус Жүрсин Ермандын кудасы. Казак акынынын небереси (анын кызынын кызы) ДССУнун башчысынын уулдарынын бирине турмушка чыккан.