Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кытайдын Ухан шаарында COVID-19дун пайда болушун иликтеп жаткан адистери SARS-CoV-2 коронавирусунун жайылышына өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын сатылышы себеп болушу мүмкүндүгүн божомолдоду. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Эл аралык уюмдун эксперттер тобу 14-январдан тарта кытайлык адистер менен биргеликте коронавирустун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.
Адистердин пикиринде, ишенимдүү версиялардын бири катары Ухан шаарындагы «Хуанань» деңиз азыктарын саткан базарындагы жапайы жаныбарлардын сатылышы каралууда. ДССУнун эксперттик тобунун курамына кирген сиднейлик микробиолог Доминик Дуайер вирус базарга же ага жакын жерде сатылган оорулуу жаныбар аркылуу тараган болушу мүмкүндүгүн белгилеген. Адистер базарды коронавирус чыккан эмес, тараган жер катары түшүнүү керектигин кошумчалашкан.