Акыркы аптада дүйнө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны азайды

Акыркы аптада коронавирус илдетине чалдыккандардын саны азайды. Мындай көрүнүш сентябрь айынан тартып, алгачкы жолу катталып жатканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус билдирди.

Анын айтымында, буга Европадагы ооругандардын саны азайгандыгы себеп болгон. Анткен менен башка аймактарда ооругандардын саны өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Айта кетсек, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 13-ноябрда эң көп көрсөткүчкө жеткен. Тагыраагы, 662 миң учур катталган. Ал эми акыркы күндөрү COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 600 миңдин тегерегинде болууда.