ТАСС агенттиги авиадиспетчердик чөйрөдөгү булакка таянып билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери Дубайдын эл аралык аэропортунан биринчи жүргүнчү учагы учуп чыкты.
Буга чейин эмираттын басма сөз кызматы Дубайдын эл аралык аэропорттору кечээ, 2-мартта чектелген режимде ишин жандандырышы мүмкүн экенин билдирген. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик авиакомпаниялар «учуунун так убактысын түз байланыш аркылуу ырастамайынча» аэропортко барбоону сунуштаган.
Маалымат үчүн: Ирандын АКШ жана Израиль менен согушунан улам миңдеген туристтер Перс булуңундагы өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде, чыга албай калышты. Тараптар 28-февралдан бери өз ара сокку алмашууда. Ушул жагдайга байланыштуу эл аралык авиакомпаниялар бул өлкөлөргө жана алардан каттамдарды токтотуп же жылдырышкан.
Дубай аэропорту — дүйнөдөгү эң ири аэропорт — АКШ жана Израиль Иранга каршы согуш баштаган 28-февралда каттамдарды кабыл алууну жана жөнөтүүнү токтоткон.