Дубайда асман тиреген имарат өрттөнүп жатат (видео)

Emaar компаниясынын асман тиреген имараты Дубайдын борборунда өрттөнүп жатат. Ушул эле компания Бурж Халифаны да курган. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт шаардын Downtown аймагында катталган. Асман тиреген имараттын дээрлик баарын өрт каптаган. Окуянын чоо-жайы жана жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.