Дубайда сатыкка чыга элек iPhone 15ти алууга кезекке тургандар ызы-чуу болушту (видео)

Дубайда iPhone 15 сатыла баштаганга бир күн калганда кардарлардын узун кезеги пайда болду. Жүздөгөн адамдар соода борборлордун алдында чогулуп, кезек талашып, түртүшүп жаткан видеолору тарады. Бул тууралуу The National басылмасы жазды.

Соцтармактарга «Mall of Emirates» соода борборунда тартылган видеолор тараган. Анда Apple дүкөнүн жөөлөп кирүүгө аракет кылган көп адамдарды көрүүгө болот. Күзөтчүлөр аларды токтотууга аракет кылып жатышат. «Мен азыр алышым керек. 1 айдан кийин кеч болуп калат», — деген Зушан аттуу кардар.

Кызматкерлердин биринин айтымында, дайыма эле ушундай көрүнүш болот, кезек талашуу бир нече саат мурда башталган.