Дубайда келерки жылы учуучу таксилер иштей баштайт (видео)

Дубайда келерки жылы авиатаксилер иштей баштайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Мындай таксилер төрт жүргүнчүнү жана бир учкучту ташый алат. Аппарат саатына 322 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Бул унаа менен 45 мүнөт кетчү убакытты 10 мүнөткө чейин кыскартат.