Дубайдан Түркияга учуп барган Өзбек жарандарынын жыныстык органдарынан алтын куймалары табылды

Измир аэропортунда (Түркия) полиция алтын алып өтүүгө аракет кылган деп Бириккен Араб Эмираттарынан барган 6 Өзбек жаранын кармаганын түрк маалымат каражаттары кабарлашты.

Тартип бузгандарды тосуп алган адам да кармалган. Аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгы пландалган контрабанда тууралуу алдын ала маалымат алган.

Аялдарды жана аларды тосуп алган унааны тинтүү учурунда ар бири 110 грамм болгон 82 алтын куйма, 18 оюн приставкалары жана контроллер, 3 смартфон табылган. Кошумча экспертиза аялдардын жыныстык органдарына катылган дагы 84 алтын куймасын тапкан. Аларды алып чыгуу үчүн операция талап кылынган. Алтындын салмагы 10 килограммга жакын  болгон.

Табылган алтындын жалпы салмагы 18,5 килограмм, базар баасы 55 миллион түрк лирасына бааланууда. Кармалгандардын баары Измир соту тарабынан камакка алынды.