Дубалга чапталган банан 6,2 миллион долларга сатылды

Дубалга чапталган банан дүйнөдөгү эң чоң аукцион үйлөрдүн бири Sotheby’s’те 6,2 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Комедиант» италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеланга таандык. Лоттун алдын ала баасы бир миллиондон бир жарым миллион долларга чейин болгон. Натыйжада лот 6 240 000 долларга кетти.

X социалдык тармагындагы аукцион үйү бананды сатып алган Жастин Сандын билдирүүсүн репост кылган. Постто ал жакынкы күндөрү бананды өзү жей турганын жазган.