«Дубалы урап калган». Нигерияда жамгырдан улам 118 адам абактан качты

Workers repair part of a collapsed prison fence that allowed over 100 inmates to escape from the prison in Suleja, in the metropolitan area of Abuja, Nigeria, April 25, 2025. REUTERS/ Abraham Achirga

Нигерияда жамгырдан улам дубал кулап, түрмөдөн кеминде 118 адам качып кеткенин Reuters агенттиги билдирди.

Окуя Нигериянын борборуна жакын Сулежа шаарындагы түрмөдө болгон. Түзөтүү кызматынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнүн жардамы менен качып кеткендерди издөө иштерин жүргүзүп, азырынча алардын онун гана кармоого жетишти.

«Бир нече саатка созулган нөшөр абактын дубалын кулаткан» деди Түзөтүү кызматынын өкүлү Адаму Дуза. Ал коомчулукту бийликтер кырдаалды көзөмөлдөп турат деп ишендирип, качкандардын аты-жөнүн жана башка чоо-жайын ачыктаган жок.