Дуэйн Жонсон чөнтөгүндө 7 доллары калган UFC мушкерине үй белек кылды (видео)

Зимбабвелик Темба Горимбо жакында эле биринчи UFC беттешинде жеңишке жетти. Анын эсебинде болгону 7 доллар болгон. Мушташтан кийин ал мээлей менен кыска шымын аукционго коюп, андан 7 миң доллар тапкан.

Мушкер бул акчаны дароо туулуп-өскөн айылына насос орнотуп, тургундарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн которгон. Өзү болсо, спорт залда диванда жашоону тандаган. 

Бул окуядан кабардар болгон америкалык актёр Дуэйн Жонсон мушкерге жардам берүүнү чечип, үй алып берген. Ал бул ишке бир убакта футболдук карьерасын аяктагандан кийин атактуунун эсебинде 7 доллар менен калганы себеп болгон.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg