Дүйнө жүзү акыркы 75 жылдагы эң оор гуманитардык кризиске туш болот

Эгерде өлкөлөр керектүү каржылоону бербесе, анда дүйнө жүзү акыркы 75 жылдагы эң оор гуманитардык кризиске туш болот. Мындай божомолду  БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы төрт жылда дүйнөдөгү куралдуу кагылышуулардан улам жарым-жартылай ачкалыкта калган адамдардын саны 80 миллиондон 135 миллион адамга чейин өскөн. Бирок коронавирус пандемиясы бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүп, 270 миллионго жетти.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун айтымында, БУУ түзүлгөндөн берки 75 жыл ичинде бүгүнкүгө салыштыра турган кризис болгон эмес. Кризистен чыгууга каражаттын жетишсиздиги тоскоол болууда, анткени алар пандемия менен күрөшүүгө жумшалган. Директор БУУнун Башкы Ассамблеясынын COVID-19 менен күрөшүүгө арналган атайын жыйынында сүйлөп жатып: «Биз пандемия учурунда 19 триллион доллар сарптагандыктан, бул акча 2021-жылы болбой калышы да мүмкүн. Экономикалык төмөндөө бар жана муктаждыктар эки эсеге көбөйдү”, — деди.